Skip Navigation
The Endowment for Human Development
The Endowment for Human Development
Improving lifelong health one pregnancy at a time.
Donate Now Get Free Videos

Multilingual Illustrated DVD [Tutorial]

The Biology of Prenatal Development




Пренаталдык өнүгүүнүн биологиясы.

.Кыргыз [Kyrgyz]


National Geographic Society This program is distributed in the U.S. and Canada by National Geographic and EHD. [learn more]

Choose Language:
Download English PDF  Download Spanish PDF  Download French PDF  What is PDF?
 

The Embryonic Period (The First 8 Weeks)

Embryonic Development: The First 4 Weeks

Chapter 3   Fertilization

Биологиялык җактан алып караганда түйүлдүктүн өнүгүүсү уруктануу болгон учурдан, аялдын җана эркектин 23 хромосомасы көбөйүү клеткалары аркылуу бириккенде башталат.

Аялдын көбөйүү клеткасы җумуртка деп аталат, бирок туура аталышы *овоцит* болот.

Ушул сыяктуу эле эркектин көбөйүү клеткасы сперма, бирок туура аталышы сперматозоид.

Овоциттин аял җумурткасынан чыгуусу овуляция, ал эми овоцит менен сперматозоид җатындын түтүкчөсүндө кошулушат җана ал түтүкчөлөрдү Фалопиа түтүкчөлөрү деп аташат.

Җатындын түтүкчөлөрү аялдын җумурткасы менен җатынды байланыштырып турат.

Натыйҗада җалгыз клеткалуу, зигота деп аталган түйүлдүк пайда болот җана бул болсо бириккен дегенди түшүндүрөт.

Chapter 4   DNA, Cell Division, and Early Pregnancy Factor (EPF)

Зиготанын 46 хромосомасы индивидуалдык толук генетикалык җана өзүнүн җаралуусунда җалгыз болгон биринчи түзүлүштү тартуулайт Мындай түзүлүш ДНК деп аталуучу тыгыз оролгон молекулаларда җашайт. Алар өздөрүндө дененин толук өнүгүүсүнө керек болгон инструкцияларды камтышат.

ДНК нын молекулалары эки оролгон спирал шаты сыяктуу. Шатынын тепкичтери гуанин, цитозин, аденин җана тимин деп аталуучу кош молекулардан җе болбосо негиздерден турат.

Гуанин бир гана цитозин, аденин тимин менен шериктеше алат. Адамдын ар бир клеткасы 3 миллионго җакын ушул сыяктуу кош негиздерден түзүлгөн.

Җөнөкөй клетканын ДНКсы аябай көп маалыматты өзүнө камтыйт, эгерде ал маалыматтын биринчи тамгаларын кагаз бетине түшүргөнө 1,5 миллиондон ашык беттен турган тексти түзөр эле.

Эгерде адамдын җалгыз клеткадагы ДНКсын бир сызыкка созо турган болсок анда бул ДНК 3 1\3 футка җе 1 метрге барабар болот.

Эгерде биз 100 триллион адам клеткасындагы ДНК ларды җая турган болсок анда бул 63 миллиард милге туура келген сызыкка барабар болот эле. Бул 340 җолу барып кайта турган җер менен күндүн аралыгына барабар.

Уруктануудан кийин болҗол менен 24 төн 30 саатка чейинки убакытта, зигота өзүнүн биринчи бөлүнүү ишин аяктайт. Митоз процесси аркылуу бул бир клетканын экиге, эки клетканын төрткө җана ошол сыяктуу бөлүнүшүн түшүндүрөт.

24 төн 48 саатка чейинки убакыттагы уруктануудан кийин эненин канында кош бойлуулуктун белгиси эрте кош бойлуулуктуктун фактору деп аталуучу гормон аркылуу кош бойлуулукту аныктаса болот.

Chapter 5   Early Stages (Morula and Blastocyst) and Stem Cells

Уруктануудан 3 җана 4 күндөн кийин бир нече клеткаларга бөлүнгөн түйүлдүк шар сыяктуу абалга келет җана мындай абалда болуусу морула деп аталат.

4 җе 5 күндөн кийин түйүлдүктүн ичинде клеткалардын тобу түзүлөт җана бул учурда түйүлдүк бластула деп аталат.

Бластуланын ичиндеги клеткалар ички клетка массасы деп аталып, адамдын өнүгүүсүнө керек болгон түзүлүштөр җана баш, дене җана башка маанилүү органдар калыптана баштайт.

Ички клетка массасынын ичиндеги клеткалар эмбриондук негизги клеткалар деп аталышат себеби алар, адамдын денесинде бар болгон клеткалардын 200 дөн ашык түрүн түзүүгө җөндөмдүү.

Chapter 6   1 to 1½ Weeks: Implantation and Human Chorionic Gonadotropin (hCG)

Түйүлдүк җатын түтүкчөсүнөн җылып келип җатындын ички дубалына җармашат. Анын орун алуусу уруктануу болгондон кийин 6 күнү башталып 10 җе 12 күндө аяктайт җана бул аракет имплантация деп аталат.

Түйүлдүктүн өсүүсүнөн келип чыккан клеткалар көптөгөн кош бойлуулуктун тестеринен көрүнүүчү адамдык хориналдык гонатропин җе кыскача АХГ деп аталуучучу гормонду иштеп чыгара башташат.

Бул гормон, боло турган нормалдуу менструалдык циклди токтотуп, кош бойлуулуктун улануусуна җол берет.

Chapter 7   The Placenta and Umbilical Cord

Имплантациядан кийин, бластуланын аралыгындагы клеткалар түйүлдүктүн тонун җе плацентаны өстүрүшөт, бул эне менен түйүлдүктүн кан айлануусун бөлүп туруучу экран катары кызмат кылат.

Плацента деп аталуучу тон түйүлдүктүн өнүгүүсү үчүн керек болгон кычкылтек, азыктарды, гормондор менен дарыларды эне аркылуу камсыздап, аны керек эмес нерселерден тазалап җана эне менен түйүлдүктүн кандарынын аралашып кетүүсүнөн сактап турат.

Плацента гормонду бөлүп чыгаруу аркылуу түйүлдүктүн температурасын эненин температурасынан кичине җогору абалда кармап турат.

Плацента киндиктин тамырчалары аркылуу түйүлдүктүн өнүгүүсүнө шарт түзүп турат.

Плацентанын җашоо үчүн мүмкүн болгон чөйрөнү түзүү җөндөмдүүлүктөрү азыркы учурдун орууканалары камсыз кыла ала турган кам көрүү түзүлүштүрүнөн калышпайт.

Chapter 8   Nutrition and Protection

Бир җумада ички клеткалар массасы гипобласт җана эпибласт деп аталуучу эки чел кабыкты пайда кылат.

Гипобластын негизги функциясы, эненин алгачкы түйүлдүктү азыктандырып туруу үчүн керектелген сары кап деп аталуучу түзүлүштүн өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Эпибластын клеткалары алгачкы җана җетилип келе җаткан түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки өнүгүүсүнө җардам бере турган амноин деген каканакты пайда кылат.

Chapter 9   2 to 4 Weeks: Germ Layers and Organ Formation

Болҗол менен 2 җарым җумадан кийин эпибласт өзгөчө болгон эктодерма, эндодерма, мезодерма деп аталуучу 3 ткандарды җе болбосо кабыкты пайда кылат.

Эктодерма көптөгөн түзүлүштөрдөрдү мээни, җүлүндү, нервдерди, терини, тырмактарды, җана чачты өстүрөт.

Эндодерма болсо дем алуу җолдорунун, ашказан-ичегинин түзүлүүнүн негизи боло алат, җана негизги органдардын бири болгон боор менен карын бездерин пайда кылат.

Мезодерма җүрөктү, бөйрөктөрдү, сөөктөрдү, кемирчекти, булчуңдарды, кан клеткаларын җана башка органдарды пайда калыт.

Үчүнчү җумада мээ негизги алдыңкы, ортоңку, арткы болуп үч бөлүкө бөлүнөт.

Дем алуу җана тамак сиңирүү органдарынын да өнүгүүсү кошо җүрөт.

Биринчи кан клеткалары сары капта пайда болгондон баштап эле, түйүлдүктүн кан тамырлары башынан аягына чейин калыптанат җана ошону менен бирге түтүкчөлүү җүрөк пайда болот.

Дароо эле тездик менен өнүгүп җаткан җүрөк өзүндө буралып җана анын камералары өнүгө баштайт.

Уруктануудан кийин җүрөк үч җума бир күндөн кийин сого баштайт.

Кан айлануу системасы җе тиешелүү органдардын тобу денени биринчилерден болуп функцияналдуу абалга келтирет.

Chapter 10   3 to 4 Weeks: The Folding of the Embryo

3 җана 4 җумаларда түйүлдүктүн мээси, җүлүнү, җана җүрөгү сары каптын җанында байкала баштайт.

Тездик менен өсүү җалпак түйүлдүктүн буралуусуна алып келет. Бул процесс сары каптын бир бөлүгүн тамак сиңирүү системасына кошуп, өнүгүп келе җаткан түйүлдүктү ич көңдөйүн җана көкүрөгүн пайда кылат.


Add a Comment

Your Name: Log In 3rd-party login: Facebook     Google     Yahoo

Comment: